Россиянын Москва шаарында 23 жаштагы кош бойлуу мигрант келин каза болду. Бул тууралуу Орусиянын «Московский комсомолец» гезити жазды.
Маалыматка караганда, окуя 20-декабрда болгон. Келинден капыстан кан кетип, «Тез жардам» чакырылганына карабай жүрөгү токтоп калган.
Окуя болгон жерге барган ички иштер жана медицина кызматкерлери келиндин кош бойлуу экенин аныкташкан.