• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Индияда кыргызстандык келин менен 1 жаштагы уулу бычакталды

22 Аяк оона 2021 19:33 Бишкек Govori.TV

Индиянын Нью-Дели шаарындагы Какаджи районунда 28 жаштагы келин менен анын 1 жаштагы уулунун жансыз денеси табылды. Маркум келин кыргызстандык экенин «The Indian Express» басылмасы билдирген.

Жалпыга маалымдоо каражаттарындагы маалыматтар боюнча, маркум Мыскал Жумабаева менен уулу Манастын денесинде бычактын бир нече изи бар. Мыскал 5 айлык кош бойлуу болчу.

20-сентябрда маркум менен күйөөсү Винай Чаухандын ортосунда уруш чыккан. Алар 2 жыл мурун үй-бүлө курган.

Уруштан кийин күйөөсү досуна кетип, Мыскал курбусу Матлюба Мадусмоновага байланышып, ичи ооруп жатканын айткан. Ал таанышы менен бирге маркумдун үйүнө барып, аны ооруканага жеткирген. Андан кийин уулу менен биге үйүнө алып кеткен. Мыскал менен уулунун жансыз денеси 21-сентябрда эртең менен ошол курбусунун үйүнөн табылган. Ал бөлмөдө ашкана бычагы да бар болчу.

Полициянын маалыматы боюнча, окуя тууралуу маркумдун жолдошу маалымат берген. Учурда маркум менен жолуккан адамдар суракка алынып, видеокамералар текшерилип жатат.

Булак:Баракелде.

Количество просмотров: 211