• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Сурабалдиеванын жакындарынын бизнеси эмне үчүн текшерилип жатат? Ташиевдин жообу

24 Жетинин айы 2022 12:36 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 24-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев депутат Эльвира Сурабалдиеванын айткандары боюнча жооп берип, депутаттын жакындарынын бизнестери эмне үчүн жана ким тарабынан текшерилгенин айтты.

УКМК төрагасынын айтымында Сурабалдиеванын жакындарына таандык болгон базарды Салык кызматы текшерген. Ал кошумчалангандай салык төлөөдө мүчүлүштүктөр катталган.

«Эльвира Жыргалбековнанын жана анын жакындарынын кармагында Кудайберген деген базар бар. Анда 3 миңден ашык контейнер бар. Ошол контейнерлерден булар ар биринен 2-3 миңден жыйнадык деп отчет беришет. А бирок жыйнаганы эң азы 7 миңден 15 миңге чейин болот. Ошол жерден салыктардын баарын эсептеп чыкканда, муну УКМК эсептебейт, тапшырма бербейт. Салык кызматы эсептеп чыкканда бүгүнкү күндө Кудайберген базары мамлекетке 70 миллион сомдун тегерегинде салык төлөбөй коет», — дейт Ташиев.

Ал эми депутат Сурабалдиева Салыктын жетекчисине кайрылып, «базарды текшергенден бери 2 айдай убакыт өттү, бул аралыкта сизди адашты деп суракка алып же бирөө жарым жоопко тартылдыбы?» деп суроо салды.

Депутатка жооп берген Салык кызматынын жетекчиси Алтынбек Абдувапов мындай маселе болбогонун айтты.

«Бизде эки президент бардай, экинчиси «көмүскөдөгүсү» каалгандай калчап, каалагын коркутуп жатат. Алыңар мага эле жетип жатса Камчыбек Кыдырчаевич, сиздин да аялыңыз, кыздарыңыз бар… Азыр бул жерден менин тиешем жок, билбейм деп алдабаңыз. Анда эмне үчүн 2 ай мурун Салык кызматы келип кетти? Өчөшкөндөй болуп эмне майдаланып жатасыз. УКМКга бул жердеги депутаттар сүйлөй албай да калышты», — деди депутат Сурабалдиева.

Количество просмотров: 1213