• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Космосбек Чолпонбаевдин ишин аскер прокуратурасына берүү сунушталды

14 Чын куран 2020 11:32 Бишкек Govori.TV

Мурунку саламаттыкты сактоо министри
Космосбек Чолпонбаевдин ишин аскер прокуратурасына берели. Мындай сунушту
Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев бүгүн, 14-апрелде тармактык комитеттин жыйынында.билдирди.

Анын айтымында, шалаакылыктан улам өлкөдө эпидемиологиялык абал курчуду.

«Дарыгер биринчиден өзүнө оору жуктуруп, андан кийин мамлекетке да зыян алып келип жатат да. Ал оорулууларды дарылай албай калды. Бизде коронавирустан дагы шалаакылык коркунучтуу. Чолпонбаевдин ишин аскер прокуратурасына берели.  Ошондо жаңы министр, орун басарлары да чуркап иштейт», — деди депутат.

Количество просмотров: 1361