• Жекшемби 7 Кулжа 2026
  • Воскресенье 7 Июнь 2026

Койчуну аткандан өзбек чек арачыларына карата кылмыш иши ачылды

13 Бирдин айы 201815:23 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 13.02. 2018. Govori.TV
Кыргы-өзбек чек арасындагы койчуну жарадар кылуу боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Акыйкатчынын маалымат кызматы кабарлады.
Анда белиглүү болгондой, кылмыш ишин Ала-Бука РИИБси  “Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү” жана “Адам өмүрүнө кол салуу” беренелери менен козгогон. “Бул ишти тыкыр иликтеп аягына чыгуу үчүн Акыйкатчы өз көмөгүн көрсөтүп, башкы прокуратурага,  Президент менен Премьер-министрге кат жолдоду. Кылмыш иши жогорку бийлик башчыларынын өзгөчө көзөмөлүнө алынат”,-деп айтылат билдирүүдө.
Эске сала кетсек, 29-январда Жалал-Абаддын Ала-Бука районуна караштуу Көк-Серек  өрөөнүндө кой кайтарып жүргөн кыргызстандык койчуга өзбек чек арачылары ок атып жарадар кылышкан. Бутунан ок жеген койчу эки күндөн кийин кыргыз чек арачыларына өткөрүлүп берилген болчу.
Количество просмотров: 48