• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Кожешкен дарыясына курулган жаңы көпүрө пайдаланууга берилди

16 Теке 202418:38 Бишкек Govori.TV

Баткен облусунун аймагындагы Кайтпас – Өтүкчү унаа жолундагы Кожешкен дарыясына курулган жаңы көпүрө пайдаланууга берилди.

Аталган көпүрөнүн узундугу 72 метр, туурасы 12метр. Четинде жөө адамдар өтүүчү тротуарлары бар. Көпүрө буга чейин авариялык абалда болгондуктан, 2023-жылы капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрүү үчүн титулдук тизмеге киргизилип, КР Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан быйылкы жылы 22 млн 673 миң сомго курулган.

Кайтпас – Өтүкчү жолуна президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен асфальт төшөлгөн. Узундугу 27 чакырым болгон жол Кадамжай районунун Молдо Нияз жана Ак-Турпак айыл аймактарынан өтөт. Тагыраагы Кыргызстандын «Кайтпас» чек ара өткөрүү пунктунан башталып Өзбекстандын Сох анклавына алып барат. Көпүрөнүн курулушу менен катар дарыя жээктери да бекемделген.

Көпүрөнүн ачылышына барган президенттин аймактагы өкүлү Абдикарим Алимбаев менен Өзбекстандын Фергана облусунун хокими Хайрулло Бозаров достук көпүрөсү болсун деген ниеттерин айтышты.

Теги:
Количество просмотров: 209