• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Кожобек Рыспаев: Канчалаган кытайлар биздин кыздарга үйлөнүштү, силер болсо коркунуч жок дейсиңер!

28 Жетинин айы 2018 15:35 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 28.11.2018. Govori.TV
Кожобек Рыспаев Кыргызстанга 10 мамлекеттин визасыз кирүүсү жөнүндөгү идеядан чочулайт.
Кыргызстанга кирүүгө 55 өлкөгө визасыз режим берүүгө сунуш кылышат. Дастан Бекешев демилгечи болгон бул мыйзам долбоор бүгүн Жогорку Кеңеште биринчи окуусунда каралды.
“Визасыз режим киргизүү мыйзамы 2012-жылы кабыл алынган, анын күчү 2020-жылга чейин. Азыр ал мыйзам 45 беш өлкөгө тийешелүү. Дагы 10 өлкөнү кошуу ниеттелип жатат. Баары болуп 55 өлкө болот. Адегенде бул мыйзамдын мөөнөтүн чексиз кылалы деген демилгелер болгон. Бирок, талкууланган соң, комитет анын мөөнөтүн 2030-жылга чейин узарткан”,-деди депутат Дастан Бекешев.
Депутат экинчи окууда документке Кыргызстанга визасыз кирүү жана шенгендик виза алуучуларды кароо нормасы кошулат деп кошумчалады.
Андан сырткары, депутат Грузия 99 мамлекетке визасыз кирүүгө уруксат бергендигин баса белгиледи.
Анын кесиптеши Кожобек Рыспаев өз кезегинде Кыргызстанда ансыз көп кытай жарандары бар экендигин билдирди.
“Инвесторлор, ишканалар — бардык жерде кытайлар. Канчалаган кытайлар кыргыз кыздарына үйлөнүп алышты, силер болсо коркунуч жок дейсиңер”,-деп кейиди Кожобеков.
Бекешев Рыспаевге азыр туризм маселесин талкуулап жатабыз, миграция маселесин эмес деп эскертти.
«Биз башка мыйзамдолбоорду талкуулап жатабыз, ал эми сиздин көтөргөн маселеңиз миграцияга тийешелүү», — деп каршы пикирин айтты Бекешев. 

Количество просмотров: 26