• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Козубекова: Айылдан дагы лидер айымдар чыга алат

11 Бештин айы 2021 10:55 Бишкек Govori.TV

“GOVORI.TV” маалымат агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында тренинг өткөрдү. Ага өлкөбүздүн 7 дубанынан алдыңкы айымдар келген. Алардын бири Жаңыл Козубекова.

Козубекова Талас облусуна караштуу Миң-Булак айылында башталгыч класстын мугалими.

«USAID уюмунун долбоорлорунда тренер болуп эмгектенем. «Окуу керемет», «Келгиле окуйбуз» долбоорлору аркылуу бир гана Талас облусунда эмес, өлкөдөгү региондорду кыдыруу менен башталгыч класстын мугалимдерине өз тажрыйбам менен бөлүштүм деп ойлойм. Быйыл жаңы жергиликтүү кеңешке депутат болуп шайландым. «Ааламга жол айылдан башталат» дегендей элеттен дагы лидер айымдар чыга алат»,-деди ал.

Количество просмотров: 123