• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

КР эмгек сиңирген артисти Рыспек Абдубачаев каза болду

23 Аяк оона 202410:22 Бишкек Govori.TV


22-сентябрда Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Рыспек Абдубачаев дүйнө салды. Бул тууралуу А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры кабар берди.

Рыспек Абдубачаев опера балет театрынын эң улуу артисти болгон. Ал таланттуу вокалист катары көп жылдар бою театрда хор ырчысы болуп иштеген.

Артист акыркы кездерде рак оорусу менен күрөшкөн. Рыспек Абдубачаев СССРдин эл артисти Даркүл Күйүкованын баласы эле.

Количество просмотров: 837