КР Коопсуздук Кеңешинин курамында кимдер бар?
24 Үчтүн айы 20209:52 Бишкек Govori.TV
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-январда Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрөт. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин курамы:
Кыргыз Республикасынын Президенти — Кеңештин төрагасы; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы; Кыргыз Республикасынын Премьер-министри; Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси; Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы; Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин парламенттик көпчүлүк коалициясынын лидери; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мүчөлөрү эң көп сандагы оппозициялык фракциясынын лидери; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин коргонуу жана коопсуздук маселелерин алып баруучу комитетинин төрагасы; Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы; Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору; Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри; Кыргыз Республикасынын финансы министри; Кыргыз Республикасынын ички иштер министри; Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри; Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы; Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы.
Подписаться:
Количество просмотров: 137