«Дженго» каймана аты менен таанылган Кадыр Досоновго карата издөө жарыяланды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.
Маалым болгондой, УКМКнын уюшкан кылмыштуу топтун ишине бөгөт коюу максатында жүргүзүлгөн иштердин алкагында Досонов өзгөчө оор кылмышка катыштыгы бар деген шек жаралган. Ош шаардык соту 28-ноябрь күнү ага карата сыртынан камакка алуу тууралуу өкүм чыгарып, издөө жарыяланды.
«УКМК Досоновдун жүргөн жерин аныктоо жана анын башка мыйзамсыз иштерге катышканын тактоо иштерин жүргүзүп жатат», — деп айтылат маалыматта.