Кыргыз Республикасынын Япониядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Арстанбаев Мирлан Есенович ишин айкалыштырып Токио шаарындагы резиденциясы менен Кыргыз Республикасынын Австралиядагы, Жаңы Зеландиядагы жана Филиппин Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду