• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

“Крокус сити холлдо” 40 адам каза таап, 100дөй киши жаракат алды

23 Жалган куран 2024 5:30 Бишкек Govori.TV

Москванын четиндеги Красногорск шаарындагы «Крокус Сити Холл» концерттик залында болгон кандуу кол салууда жабыркагандардын саны 145ке жетти, алардын сегизи балдар. Бул тууралуу Москва облусунун саламаттыкты сактоо мекемеси билдирди.

Ооруканага түшкөндөрдүнрасмий тизмеси жарыяланды.

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы маалымдагандай, 22-мартта болгон кандуу окуяда 40 адам каза болуп, 100дөн ашуун киши жарадар болду.

Тергөө комитети «теракт» боюнча кылмыш ишин козгоду.

Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги кандуу окуяда жабыркагандардын алдын ала берилген тизмесинде кыргызстандыктар жок экенин кабарлады.

Кошумчалай кетсек, 23-мартка караган түнү «Крокус сити холл» концерттик залында белгисиз адамдар ок чыгарып, имаратта өрт башталган.

Количество просмотров: 898