• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

«Крокустагы» теракт: Шектүүлөр кармалганы кабарланды

23 Жалган куран 2024 16:25 Бишкек Govori.TV

«Крокустагы» кол салууга шектелген төрт киши Украина менен чек арага жакын Брянск облусунда кармалганын Россиянын Тергөө комитетинен кабарлашканын РИА Новости жазды.

«Крокус сити холл» концерттик залындагы терактыны жасоого шектелгендердин ичинен төртөөнү Украина менен чек арага жакын Брянск облусунда колго түшүрдү», — деп жазылат маалыматта.

Буга чейин Россия ФСБ башчысы Александр Бортников президент Владимир Путинге «Крокустагы» теракт боюнча баш-аягы 11 киши кармалганын билдирген болчу.

Кошумчалай кетсек, «Крокус сити холл» концерттик залындагы теракт 22-мартта болгон. Белгисиз адамдар элди аткылаган. Каза болгондордун саны 93кө жеткен, жабыркагандардын саны 100дөн ашты.

Количество просмотров: 207