«КСДП Атамбаевсиз»: Эки тараптын ортосунда жаңжал чыкты
«КСДП Атамбаевсиз»: Эки тараптын ортосунда жаңжал чыкты
7 Бештин айы 201813:05 Бишкек Govori.TV
Бишкек.07.12.2018.Govori.TV.
Бүгүн, 7-декабрда 24.kg агенттигинде «Эмне үчүн Атамбаевге КСДП да орун жок»,-деген аталыштагы «КСДП Атамбаевсиз» кыймылынын төрагасы Сагынбек Абрахманов жана кыймылдын мүчөлөрү тарабынан уюштурулган маалымат жыйынында жаңжал чыкты.
Анда, Атамбаевдин тарапташтары келишип суроо берүү мүмкүнчүлүгүн сурашты, суроо берүүгө журналисттер гана укуктуу экенин уккан партиянын өкүлдөрү «Кыргызстан Абдрахмановсуз»,-деп кыйкырып ызы-чуу жаратышты.
Бирин бири «саткын» деп күнөөлөгөн эки тараптын жаңжалы күзөтчүлөр келип Атамбаевдин тарапташтарын залдан чыгарган соң токтоду.
«КСДП Атамбаевсиз» кыймылынын мүчөлөрү бул көрүнүштү «Атамбаевдин азыркы жүзү ушундай»,-деп мүнөздөп өтүштү.
Министрлик ата-энелер менен мугалимдер жаңжалы боюнча маалымат берди
Агартуу министрлиги социалдык тармактарга тараган Алай районундагы мектептердин биринде окуучулардын ата-энелери менен мугалимдердин ортосундагы пикир …