• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

«КСДП Атамбаевсиз» кыймылынын съездиндеги урааны ката жазылып калган

3 Чын куран 201911:35 Бишкек Govori.TV

Бишкек.03.04.2019.Govori.TV.

Бүгүн, 3-апрелде “КСДП Атамбаевсиз” кыймылынын жетектөөчүсү Сагынбек Абдрахманов уюштурган КСДПнын съезди өтүп жатат.

Буга чейин Иса Өмүркулов КСДП кезектеги съездин 3-апрелде өткөрүү чечимин кабыл алганын билдирген. Бирок ал жана башка парламенттеги КСДП фракциясынын депутаттарынын келгени байкалган жок.

Съезд «КСДП — тазалануу, жаңылануу жолунда»,- деген ураан алдында өтүүдө. Ал эми бул ураандын орус тилинде жазылганында ката кетип «СДПК на пути обновления и преобразования» деп жазылуунун ордуна «СДПК на пути обновлении и преобразовании» болуп калган.

Эске салсак, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгындагы КСДПнын съезди 6-апрелде өтөт.

Количество просмотров: 12