«Иса Өмүркулов партиядан чыгарылганын далилдери бар экенин мойнуна алышы керек. Эгерде анын күмөнү боло турган болсо, сотко кайрылсын. Бирок, белгилей кетүүчү нерсе ал бир канча жерде калп айтып келген»,-деп КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.
Партиянын лидери Алмазбек Атамбаев менен жазда жолуккан эмес. Саясий кеңештин отурумуна келүүдөн да баш тарткан.
Кечээки отурумга да чакырылган, бирок, дагы келбей коюну чечкен.
Эскерте кетсек, Кече 31-октябрда КСДПнын саясий кеңеши, парламенттеги фракциясынын лидери Иса Өмүркуловду партиядан чыгарганын жарыялады. Ал эми Өмүркулов өзү бул чечимди мыйзамсыз деп атап жатат.