• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

КСДП: Илмияновдун шоу менен кармалганын түшүнбөй турабыз

20 Тогуздун айы 2018 14:20 Бишкек Govori.TV
Бишкек.20.10.2018.Govori.TV.
Икрамжан Илмияновго соттон же УКМКдан эч кандай чакыруу кагазы келген эмес. Бул тууралуу «Азаттыкка» КСДП партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.
— Бүгүн биз Илмияновдун жубайы менен байланыштык. Анын үйүнө эч кандай чакыруу кагазы келбептир. Анын жубайына Илмиянов кайсы жерде экендигин эч ким чалып сурабаптыр. Мунун шоу менен кармалганы биз үчүн түшүнүксүз болуп жатат. Илмияновдун эч кимден качпаганы жана жашырынбай эле жүргөнү баарына маалым. Анын Казанда жүргөнүн массалык маалымат каражаттары мурдатан эле чыгарып жүргөн. Тергөө иши саясий жактан боёлбошу керек. Анын иши калыс жана адилеттүү, ошол эле учурда кайсы бир саясий күчтөн көз карандысыз тергелиши керек, — деди Жолдубаева.
Кундуз Жолдубаева азырынча адвокат маселеси да алар үчүн бүдөмүк болуп турганын мындайча кошумчалады:
— Илмияновдун жубайына түн ичинде бир адвокат келип, «Мен Илмиянов Икрам Сатарович менен сүйлөштүм» деп, аны менен келишим түзүп кетиптир. Ал кайсы адвокат? УКМКнын дежур адвокаттары бар эмеспи. Ошол адвокаттарбы? Азыр ошону териштирип жатабыз.
УКМК Икрамжан Илмияновдун кармалганын ырастаган. Кылмышка шектүүнүн кандай жагдайда, кайда кармалганы жана Кыргызстанга алып келингени жөнүндөгү маалыматты УКМК өкүлү кенен билдирген жок.
Количество просмотров: 30