Акыркы мезгилдеги болуп жаткан окуялар Социал-демократтар партиясындагы маанайды бир топ эле түшүрүп койгондой. Партиядагы тиреш күч алып жатканы анын келечеги кандай болот деген суроону жаратпай койбойт. Алмазбек Атамбаевдин 2020-жылда боло турган шайлоого катышуу ниети бар экени белгилүү. Ал эми мындай кырдаалда КСДП шайлоого чейин аман калабы деген суроо жаралат.
КСДПнын мурдагы мүчөлөрү азыркыларына каршы чыгуу менен башталган бул тиреш, эми партиянын ичине да кирди. Иса Өмүркулов КСДПдан чыгарылды.
КСДПнын төрагасынын орун басары Ирина Карамушкина, кимдир бирөө Иса Өмүркуловду колдосо, келээрки шайлоого партия менен чогуу барбайт деп жарыялады.
А бирок, КСДП 2020-жылдагы шайлоого жетеби деген суроонун айланасында ойлор айтылып келет. Азаттыктын түз эфиринде саясий илимдеринин кандидаты Орозбек Молдалиев бул тууралуу өз оюн айтты.
Саясаттын аркасынан түшүп алып карапайым калкты ойлогон эч ким жок болгону өкүндүрбөй койбойт.
КСДП ич ара пикир келишпестиктерин кандай чечип, кайда багыт алаарын убакыт көрсөтөт. Бирок так ушул КСДП өлкөдөгү абалга толук жооп берээри ачык.