Бишкек.18.03.2019.Govori.TV.
Кыргызстандын социал-демократиялык партиясы расмий түрдө оппозицияга өткөнүн партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева
«Govori.TVга» тастыктады.
«Биздин партия оппозициячыл түрдөгү партиябыз. Мындай болгонуна көп эле болуп калды», — деди Жолдубаева.
Ал кошумчалагандай, 17-мартта мурдагы депутат Равшан Жээнбеков Аксы окуясынын курмандыктарын эскерүү иш-чарасында сүйлөп жатып «Алмазбек Атамбаев башында турган социал-демократтардын оппозицияга өткөнүн колдойм» деп айтканын толугу менен тастыктай тургандыктарын билдирди.
Эске салсак, 17-март күнү Бишкектеги «Медиа Форум» ишканасынын алдында Кыргызстан социал-демократтар партиясы митинг-реквием уюштурган.