• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

КСДП: «С.Исаков качмак эмес!»

6 Кулжа 2018 8:40 Бишкек Govori.TV
Бишкек.06.06.2018.Govori.TV
КСДП партиясы партиянын төрага орун басары, кечээ камакка алынган Сапар Исаков боюнча пикирин билдирди. Партиянын маалымат катчысы Кундуз Жолдубаева аркылуу айтылган пикирде партия жетекчилиги Сапар Исаковдун үй камагына алынышы жетиштүү болмок деп эсептейт.
«Тергөөчүлөр оор айыптоолорго байланыштуу камакка алууну өтүндү, алар эмне качып кетет деп коркуп жатышабы? Жактоочу тарап үй камагына алууну суранган. Ошондой эле биз дагы Исаковдун төрт баласы жана карыган апасы бар экенин айтканбыз. Бирок сот биздин жүйөлөрдү эске албай, камап салды», — деди Жолдубаева.
Эске салсак, Сапар Исаков кечээ  Биринчи Май райондук сотунун чечими менен УКМКнын убактылуу кармоочу жайына эки айга камакка алынган. Ал Бишкек ТЭЦинин модернизациясында коррупциялык аракеттерге барып, бир компаниянын кызыкчылыгына иштеген деп айыпталууда.
Количество просмотров: 5