• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

КСДП штабынын эсепчисинин уулу Кыргызстанга кайтып келди

26 Бештин айы 2018 15:58 Бишкек Govori.TV

Бишкек.26.12.2018. Govori.TV.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын штабынын эсепчиси Надира Сатыгулованын уулу, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Адилет Сатыгулов Кыргызстанга кайтып келди. Ал бүгүн БШКнын жыйынына катышты. Бул тууралуу БШКнын басма сөз катчысы Анарбек Абазбеков билдирди. Азырынча Адилет Сатыгулов менен байланышуу мүмкүн боло элек.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, КСДПнын штабынын эсепчиси быйыл 11-ноябрда, президенттик шайлоонун чыгымдары тууралуу документтер социалдык тармактарга жарыяланардан төрт күн мурда Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткен. 18-ноябрда эсепчинин баласы да өлкөдөн сыртка кеткени белгилүү болгон.

КСДП Надира Сатыгул коопсуздугунан чочулганы үчүн ушундай кадамга барганын билдирген. Бирок ал кайсы мамлекетке кеткени тууралуу маалымат берген эмес.

Буга чейин БШКнын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов бир ай Кыргызстандан тыш жүргөн Адилет Сатыгулов талкуулаган маселелер боюнча почта аркылуу добуш берип жатканын билдирген.

ИИМ штабдын эсепчиси кайтып келип, ички иштер органдарына кайрылса анын коопсуздугу сактала турганын билдирген.

Теги:
Количество просмотров: 29