• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

КСДП жаңыланды. Эмне өзгөрөт?

3 Чын куран 2019 17:50 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 03.04.2019. Govori.TV

Бүгүн, КСДП Атамбаевсиз кыймылынын съезди өттү. Алгач эле аталган кыймылдын баннериндеги орус тилинде жазылган катасы көзгө урунду.

Съезддин башталаары алдында КСДП партиясынан Асылбек Жээнбековдун чыгып кеткени белгилүү болду.

Бул съездге КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов келген жок.

Трибунага чыгып  сөз сүйлөгөндөрдүн басымдуу бөлүгү Атамбаевди күнөөлөп, Жээнбековду макташты.

Съездин жыйынтыгында КСДП партиясынын уставын өзгөртүп, анын лидерин шайлоо каралып, катышуучулар Сагынбек Абдрахмановдун талапкерлигин бир добуштан колдошту.

Аталган партиянын съездине чакыруу менен келген инсандар да өз ойлору менен бөлүшүштү.

Жыйынтыктап алганда съездге келгендер жыйындын жүрүшүнө канааттанышып, өзгөрүүгө үмүт кылып кайтышты. Эми КСДПнын жаңыланган курамы ишеничти акташын мезгил көрсөтөт.

Количество просмотров: 24