• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

КСДПнын айрым мүчөлөрү Атамбаевди партиядан чыгаруу маселесин көтөрдү

16 Баш оона 2018 18:14 Бишкек Govori.TV
Бишкек.16.08.2018.Govori.TV.
Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) Чүй облусунун Панфилов районундагы айрым мүчөлөрү партия лидери Алмазбек Атамбаевге каршы кезексиз жыйын өткөрдү.
Бул тууралуу Социал-демократиялык жыйындын уюштуруучусу Сагынбек Абдрахманов кабарлады. Анын айтымында, Алмазбек Атамбаевди жетекчиликтен кетирүү демилгесин көтөрүп чыгышты. Алар экс-президентти «партияны өз кызыкчылыгына колдонду» деп айыптап, өз демилгесин партияны тазалоо зарылдыгы менен түшүндүрүштү.
Алар учурдагы партия лидери, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ишин сынга алып, жыйынды «Атамбаевсиз КСДП» деп аташты.
Сагынбек Абдрахмановдун айтымында, мындай аракеттерге КСДПга коррупцияга байланыштуу шек саналган адамдар, акчалуулар кирип кеткени, Алмазбек Атамбаевдин акыркы учурдагы туура эмес кадамдары түрткү болду
Жыйынга чогулган жүздөн ашык партия мүчөсү Алмазбек Атамбаевди төрагалыктан кетирүүнү жана партиянын саясий кеңешин алмаштырууну талап кылган резолюция кабыл алышты
Буга чейин мындай жыйын Москва районунда өткөн.
Количество просмотров: 30