Бишкек.03.04.2019.Govori.TV.
Бүгүн, 3-апрелде “КСДП Атамбаевсиз” кыймылынын жетектөөчүсү Сагынбек Абдрахманов уюштурган КСДПнын съездинин жыйынтыгында партиянын лидерин өзгөртүү чечимин КСДП делегаттары кабыл алышты.
Добуш берүүнун жыйынтыгы менен социал — демократтар партиясынын жаңы лидери болуп Сагынбек Абдрахманов дайындалды.
Бул съездге экс-президент Алмазбек Атамбаев да чыкырылганы айтылган. Бирок ал келген эмес.
Эске салсак, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгындагы КСДПнын съезди 6-апрелде өтөт.