• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

«Социал-демократтар»: Атамбаевдин уулдары, тарапкерлери менен байланышыбыз жок

22 Бугу 2020 17:13 Бишкек Govori.TV

«Социал-демократтар» деп аталган жаңы партиянын мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге таандык КСДПнын тарапкерлеринин тиешеси жок.

Бул тууралуу Юстиция министрлиги каттаган саясий партиялардын тизмесинде жетекчи катары жазылган Жыргалбек Ишенов 22-майда «Азаттыкка» билдирди:

«Азырынча уюштуруу тобу катары гана турабыз. Курамда эч ким жок. Эч кимисинин фамилиясы жок, азырынча».

Уюштуруу тобунда Атамбаевдин уулдарынын жана КСДПнын башка өкүлдөрүнүн ысымдары жазылган эмес. Юстиция министрлиги «Социал-демократтар» саясий партиясын 2019-жылы декабрь айында расмий каттаган.

«Социал-демократтар» партиясы быйыл жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышып жаткан.

Ишенов алдыдагы парламенттик шайлоого катышуу маселеси талкуулана элек экенин айтты.

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина 21-майда «Фейсбуктагы» жеке баракчасына билдирүү жарыялап, Атамбаевдин уулдары жана партиянын бир бөлүгү «Социал-демократтар» деген жаңы партия ачышканын жарыялаган. Ал «Кодуранова менен Жолдубаева партия ичиндеги интригаларды токтото алган жок» деп жазган.

22-майда «Азаттык» Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) өкүлү Кундуз Жолдубаевага байланышканда ал партиянын тегерегинде түзүлгөн кырдаалга байланыштуу расмий билдирүү таратыларын айтты.

15-майда Кой-Ташта Атамбаевдин уулдары жыйын өткөрүп, партиянын саясий кеңешинин курамын кыйла өзгөртүү, жетекчилик маселесин карап чыгуу тууралуу сөз кылганы, алдыдагы парламенттик шайлоо боюнча программасын талкуулаганы кабарланган.

Юстиция министрлиги 2019-жылы «Атамбаевсиз КСДП» саясий кыймылынын жетекчиси, КСДПнын мурдагы мүчөсү Сагынбек Абдрахмановду да КСДПнын лидери катары каттап, партиянын дарегин өзгөрткөн.

Ал эми Атамбаевди жактаган мурдагы КСДПны депутат Асел Кодуранова убактылуу жетектеп калган.

Булак: Азаттык

Количество просмотров: 87