• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

КТРК Спорт каналы «машыктыруучу Крестинин эфирден көрсөтүлгөн жок» деген пикирлерге жооп берди

16 Кулжа 2022 10:52 Бишкек Govori.TV

Футбол боюнча Кыргызстан улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестининди » КТРК СПОРТ телеканалы түз эфирде атайын көрсөтпөй койду» деген пикирлер чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу телеканалдын социалдык тармактагы баракчасында маалымадалат.

«Ушул күнгө чейин телеканал кыргыз спортун колдоп, коомчулукка түз алып көрсөтүүлөрдү үзгүлтүксүз уюштуруп келе жатканы маалым. Өлкөбүздө орун алган эл аралык спорттук беттештерди чагылдырууда УТРК мындан ары дагы өз милдеттерин татыктуу аткара бермекчи. Ал эми режиссёрдун өздүк баракчасы аркылуу жазылган комментарий бүтүндөй Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын көз карашын билдирбейт. Корпорация жетекчилиги режиссёрдун жоопкерчилиги боюнча кызматтык иликтөө жүргүзөт. Анын жыйынтыгы менен кызматкерге карата мыйзам чегинде административдик чара колдонуларын билдиребиз. Улуттук телерадиоберүү корпорациясы, Крестинин тарабынан футболго кошуп жаткан чоң салымын сыйлайбыз жана колдоого алабыз»,-деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, Азия кубогуна тандоо оюндарында (Кыргызстан — Сингапур, Кыргызстан — Мьянма, Кыргызстан — Тажикстан) Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестининди КТРК Спорт каналы көрсөтпөгөнүн социалдык тармактын колдонуучулары жазып чыккан.

Кийин журналист Кенжебек Арыкбаевдин Фейсбукка жазган билдирүүсүнө КТРК Спорт каналынын режиссеру Элдияр Айылчиев «Крестинин өзүнүн текебердигинен ушуну көрүп жатат» деп жооп берген. Бул талкуу жаратууда.

Количество просмотров: 188