• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

КТРКнын айдоочулары нааразы

21 Жетинин айы 2018 12:06 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 21.11.2018.Govori.TV.
Коомдук телерадиокорпорациясынын (КТРК) айдоочулары бүгүн, 21-ноябрда иш таштаган.
Айдоочулардын айтымында нааразылык КТРКнын Автотранспорт цехинин жетекчиси Эрик Абакировдун иштен алынганына байланыштуу келип чыккан. Мекемеде жалпы 48 айдоочу иштейт. Нааразы тарап каналдын жетекчилиги аны негизсиз эле жумуштан алганын айтышат.
«Эч кандай себеби жок эле эртең менен жумушка келсек цехке башка киши жетекчи болуп калыптыр. Биз аны менен иштеше албайбыз, бизге мурдагы башчыбыздын болгону жакшы деп, гаражда (Автотранспорт цехинде) иш таштадык. Жаңы жетекчини тааныбайбыз, билбейбиз. Мурдагы жетекчибиз менен тогуз жылдан бери жакшы иштешип атканбыз»,-дейт айдоочулардын бири Эрик Абакиров.
Учурда КТРКнын жетекчилиги нааразы болгон айдоочулар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.
Количество просмотров: 22