• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Мадумаров: КТРКдан эң көп жабыркаган саясатчы болсом дагы каналга байланыштуу мыйзам долбоорун колдойм

2 Жалган куран 202215:22 Бишкек Govori.TV


КТРКдан эң көп жабыр тарткан саясатчы болсом дагы каналга байланыштуу мыйзам долбоорун колдойм. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Адахан Мадумаров билдирди.

«Анткени бул улуттук маселе. Жеке мага тишелүү экен деп битке эрегишип көйнөктү өрттөгөн болбойт. Мыкты болгон мыйзам долбоорун түзүшүбүз керек. Маалымат коопсуздугун камсыз кылышыбыз зарыл», — деди Мадумаров.

Бүгүн, 2-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында КТРКнын макамын өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору каралып жатат.

Количество просмотров: 153