Бишкек.18.02.2019.Govori.TV.
Коомдук каналдын жетекчилиги алмашат. Бирок, азыркы директордун кете турган оюу жок. Кетем деген Карыпбеков кайрадан документтерин тапшырды.
Карыпбековдон сырткары дагы бир нече адам талапкерлигин койгон.
Адиль Турдукулов — Жарандык активист, акыркы мезгилде журналист Булат Сатаркулов менен биргеликте журналисттик иликтөөлөрдү жасап келет.
Куттумидин Базаркулов – ЖМТРКнын мурдагы башчысы болгон, 2016-жылы кызматтан алынган.
Сюита Соурбаева – “Ала-Тоо” маалымат дирекциясынын башчысы болгон. Азыркы учурда Жогорку соттун басма сөз катчысы болуп эмгектенет.
Ибраим Нуракун уулу — Би-Би-Синин мурдагы башкы кабарчысы жана продюсери. Учурда Жогорку Кенештин басма сөз кызматынын башчысы болуп эмгектенет.
Бүгүн, 18-февралда КТРКнын жетекчилигине талапкерлерден арыз алуу
аяктайт. Азыркы учурда талапкерлердин саны 15ке жакындады.