Бишкек. 18.01.2019. Govori.TV
2019-жылдын март айында КТРКнын башкы директору Илим Карыпбековдун иштөө мөөнөтү аягына чыгат.
Коомдук телерадиокомпаниясынын башкы директорлугуна сынак жарыяланганы мекеменин сайтына жайгаштырылды. Карыпбековдун иш мөөнөтү ушул жылдын 19-мартында бүтөт.
КТРК тууралуу мыйзамга ылайык, башкы директор 4 жылга шайланат. Сынактын талаптары боюнча талапкерлердин жогорку билими болушу керек.
“Муну менен катар мамлекеттик тилди эркин билүү, расмий, англис жана башка тилдерди билгендерге артыкчылык берилет. 5 жылдан кем эмес практика жүзүндө жетекчилик иш тажрыйбасы, теле жана радионун иштөө принциптерин түшүнүүсү зарыл. Талапкер коомдук-саясий жана диний уюмдарда кызмат ордун ээлей албайт», -деп айтылат маалыматта.
Жол жоболору тууралу ktrk.kg сайтынан таанышууга болот.
Илим Карыпбеков КТРКнын жетекчилик постуна 2015-жылы 15-мартта келген.