Кыргызстандын президентин шайлоого катышуу ниетин билдирген Кубан Чороев Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) 30 миң кол тамгасын жаратпоо тууралуу чечимин жокко чыгарууну талап кылууда. Ал БШКнын бул чечимине каршы Бишкектеги административдик сотко кайрылды.
Чороевдин айтуусунда, арыз 10-декабрда берилген, алгачкы сот жараяны 12-декабрда өтөт.
Борбордук шайлоо комиссиясынын кол тамгаларды текшерген жумушчу тобу 7-декабрдагы отурумунда президенттик шайлоого катышуу тууралуу ниетин билдирген экономист Кубан Чороев тапшырган кол тамгаларды жараксыз деп тапкан. Боршайкомдун жумушчу тобу текшерүү учурунда Кубан Чороев үчүн кол тамгалар барактарды басып чыгарууга акча төлөбөй туруп чогултула башталган жана муну менен эреже бузулган деп билдирген.
БШК дагы бир талапкер Кубаныч Токтосуновдун чогулткан кол тамгаларын жараксыз деп тапкан.