• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Кубанычбек Исабеков: Канадалыктар бир тыйындык алтын саткан жок, алтынды «Кыргызалтын» сатат

26 Бештин айы 2019 15:28 Бишкек Govori.TV

Канадалыктар бир тыйындык алтын саткан жок, алтынды «Кыргызалтын» сатат. Бул тууралуу Govori.TVга Жогорку Кеңештин экс-вице-спикери Кубанычбек Исабеков билдирди.

«Эмне үчүн «Кыргызалтындын» ордуна өндүрүштүк ишкана ачпайбыз. Бизде азыр кадрлар жетиштүү, жетишпегенин алып кал. Өзүбүз казбайбызбы өзүбүздүн кенибизди. Демек биз өзүбүздүн тагдырыбызга балта чаппайт элек да. Канча жумуш орду пайда болот эле. Анан тигилер майын калпып алып, көк сүтүн таштап коюп жатышпайбы. Эмне үчүн Кыргызстандын банкы аркылуу алтын сатылбайт. Сиздер аркылуу бир көшөгөнү ачып койгум келип жатат. Канадалыктар 1 тыйын алтын алып кеткен жок, алтында, күмүштү «Кыргызалтын» сатат, анан өзүнү пайызын алат. «Кыргызалтындын» президенти Жээнбековдон да көп айлык алат», — деди Исабеков.

Мындан тышкары, экс-вице-спикер эң коррупциялашкан тармак катары да тоо-кен тармагын айтса болоорун белгилеп өттү.

Количество просмотров: 175