• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кубанычбек Жумалиев эми оорукана курат

13 Аяк оона 202415:01 Бишкек Govori.TV


Бүгүн, 13-сентябрда жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий изилдөө институтунда балдар кардиохирургия борборунун жаңы имаратынын пайдубалын түптөө аземи болуп өттү.

Бул борбор балдардын тубаса жана кийин пайда болгон жүрөк ооруларын аныктоого жана хирургиялык дарылоого адистешет. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Улуттук илимдер академиясынын академиги Кубанычбек Жумалиев, кардиохирургия борборунун жетекчилери жана кызматкерлери катышты.

75 орундуу беш кабаттуу борбордун курулушу мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында ишке ашып, мамлекеттик-жеке өнөктөш катары академик Кубанычбек Жумалиев демөөрчүлүк кылат. Долбоордун жалпы баасы 375 миллион сомду түзөт. Жаңы борбор 2025-жылдын март айында пайдаланууга берилиши күтүлүүдө.

Количество просмотров: 213