Нобелдин медицина боюнча сыйлыгы быйыл микроPHK ачкан эки илимпозго ыйгарылды.
Дүйнөлүк абройлуу сыйлыктын физиология жана медицина жаатындагы быйылкы ээлери америкалык илимпоздор Виктор Эмброс жана Гэри Равкан болуп калды. Алар «микроPHKны ачканы жана анын генди жөнгө салуудагы ролун изилдеп чыкканы үчүн» ушул сыйлыкка татыктуу болушканы Нобель сыйлыгын ыйгаруу комитетинин маалыматында айтылган.
Молекулярдык биология боюнча көп изилдөө жүргүзгөн бул илимпоздор ачкан микроPHK башка молекулалар менен катар көптөгөн ген активдүүлүгүн аныктоого жөндөмдүү жана ал организмдин өсүүсү үчүн өтө маанилүү экендиги белгиленген.
Сыйлык ээлери Виктор Эмброс 70 жашта, Массачусетс университетинин профессору, АКШ Улуттук илимдер академиясынын, искусство жана илим академиясынын мүчөсү. Ал эми Гэри Равкан 72 жашта, АКШ Улуттук илимдер академиясынын, медицина академиясынын жана философия коомунун мүчөсү.
Нобель сыйлыгынын суммасы болжол менен 900 миң еврону түзөт.
Эми физика, химия, адабият жана Тынчтык сыйлыгы боюнча жеңүүчүлөр аныкталат.