• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Мыйзамсыз иштеген чет өлкөлүктөр кармалды

28 Баш оона 202417:52 Бишкек Govori.TV

УКМКнын жана Ош ШИИБнин кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз эмгек миграцияга каршы жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, калкка медициналык кызмат көрсөтүүгө адистешкен чет өлкөлүк жарандардын мыйзамсыз иш-аракеттерин аныктады. Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

40 жаштагы Э.О. аттуу Өзбекстандын жараны жана 49 жаштагы А.М. аттуу Египеттин жараны Ош шаарындагы үйлөрдүн биринде “Ойдин” аттуу ден соолукту чыңдоочу борбор иштетип келишкен. Аталган медициналык борбордун Саламаттыкты сактоо министрлигинин уруксаты жана тиешелүү медициналык лицензиясы жок болгон. Бул жерде ички органдардын ооруларын аныктоо, фитотерапия, хижама, массаж жана башка медициналык кызмат аткарылып болгон.

Аталган факты боюнча тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 126