• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кубанычбек Кулматов камакка алынды (видео)

5 Кулжа 2018 20:59 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 05.06. 2018. Govori. TV

Кубанычбек Кулматов 28-июнга чейин  камакка алынды. Мындай чечимди  Биринчи май райондук сотунун судьясы Абдразак Боронбаев чыгарды.

2018-жылдын 5-июнунда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан Бишкек шаарынын мурунку мэри К.Кулматовдун баш коргоо чарасы тергөө аягына чейин КР МУКК тергөө камак жайына кармоо болуп өзгөртүлдү.
Эскерте кетсек, 2018-жылдын 18-майында Башкы прокуратура козгогон кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаарынын мурунку мэри К.Кулматовго КР Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү боюнча айып тагылып, эч жакка кетпөө жөнүндө баш коргоо чарасы каралган.
Тергөө жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, бүгүн УКМКнын тергөөчүлөрү Кубанычбек Кулматовдун баш коргоо чарасын караганы Биринчи май райондун сотуна УКМКанын имаратынан алып кетишкен.

Эскерте кетсек, мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы башчысы Кубанычбек Кулматовго  Улуттук коопсуздук комитети Башкы прокуратура козгогон кылмыш ишинин негизинде, Кулматовго Кылмыш жана жаза кодексинин 303-беренеси (паракорчулук) деген айып таккан.

Ал 2014-жылы Кытайдын TBEA компаниясынан грант негизинде келген, Бишкек ЖЭБин реконструкциялоого багытталган каражаттын 2 млн долларын Калыс-Ордо жаңы конушуна мектеп салууга жолдогон. Сынагы жок эле «Альто Групп» деген компания менен келишим түзүп, анын эсебине 1 млн доллар көтөргөн деп айыпталууда. Ошондой эле шаар казынасынан мектепти курууга 100 млн сом которулган.

Аты аталган компаниянын жетекчилеринин бири учурда камакта. Жакында Кулматовдун үйү тинтүүгө алынды.

УКМК Бажы кызматынын мурдагы төрагасы Кубанычбек Кулматовдун мүлкүн камакка алган.

Количество просмотров: 17