• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Кубанычбек Кулматов, КР Бажы башчысы: “Коммерсанттар саботаж кылып жатат, ички импорт токтоп калды…”

17 Чын куран 2018 12:47 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 17.04.2018. Govori.TV
“Жылдын башындагы эки айда бажы тармагында киреше боюнча өсүш болгон, март айында көлөм кайра түшүп кетти…”  Бул тууралуу КРнын Бажы башчысы Кубанычбек Кулматов айтты.
Анын пикиринде, учурда бажы тармагындагы көлөмгө айрым жагдайлар себеп болуп, ошонун айынан жыл башындагыдай киреше жок болуп жатат. “Түштүк бажы тармагында март айынан баштап киреше түшүп кетти. Тагыраагы, Өзбекстан менен Тажикстанга транзиттик жүк жок болуп, ички импорт токтоп калды. Бул жакта атайын саботаж болуп атат, жүктү башка жакка алып кетип атышат. Коммерсанттар, саясатчылар саботаж кылып жатышат…”,-деди ал.
Ошону менен бирге эле Сапар Исаков да буга айрым саясатчылар себеп болуп жатканын, бирок, кезеги келгенде айтаарын, азыр айтпай коюу анын укугу экенин билдирди.

Эске сала кетсек, жыл башында Кубаныч Кулматов Ош бажысынан саатына 13 млн. сом сол чөнтөккө түшүп жатканын айтып, киреше мындан ары көбөйө турганын билдирген. Ага жооп кылып, мурдагы Бажы кызматынын жетекчи орун басары Райым Матраимовдун агасы депутат Искендер Матраимов бул убактылуу эле көрсөткүч экенин айткан эле.

//govori.tv/?p=8817

Количество просмотров: 10