• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Кубат Оторбаев “Кыргызстан” партиясынын тизмесинен чыгарылды

28 Аяк оона 202018:21 Бишкек Govori.TV

Кубат Оторбаев “Кыргызстан” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен чыкты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, талапкерлердин тизмесинен чыгуу боюнча Оторбаев өзү арыз жазган.

Белгилей кетсек, Кубатбек Оторбаев тизмеде депутат Жаныбек Жоробаевден кийин турган. Жоробаев 4 ай депутат болуп мандатын мөөнөтүнөн мурда тапшырды. Мыйзамга ылайык, анын мандаты тизмеде кийинки орунда турган Оторбаевге тийиши керек болчу.

Количество просмотров: 212