2.5 млн куб кар көчкү түшүп, түндүк менен түштүктү бириктирген жападан жалгыз жол жабылганына бир жарым сутка болду. Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов Govori.tv агенттигине маек берип, жол эртең кечинде ачылат деди.
“Башында эки техникка иштеп жаткан. Азыр 8 техника тартылды. Куткаруучулар, жолчулар күнү-түнү тынбай иштеп жатышат. Жол өтө тар болгондуктан эки техника гана катар иштей алат. Андан башка дагы эки жерге кар көчкү түшкөн. Тынымсыз иштесек эртең кечке жуук жол ачылат дейт»,-министр