• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кубатбек Боронов, министр: “Кытайдан 100 өрт өчүрүүчү унаа грант түрүндө келет…”

18 Чын куран 2018 10:27 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 18.04.2018. Govori.TV
“Жакында Кытай Эл Республикасынын өкмөтү менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Алардан биз 100 бирдик өрт өчүрүүчү унаа сурадык эле, алар макул болушту”. Бул туралуу КРнын Өзгөчө кырдаалдар министри Кубанычбек Боронов ЖКда айтты.
Ал белгилегендей, акыркы учурларда өлкөдө өрт чыгуулар көп кайталангандыктан, бул капилеттен келген кырсыкты өчүрүүгө техникалар жетишсиз болууда. Ошондон улам, азыр соода жайлары, ири обьектилер менен сүйлөшүү жүргүзүп, балким, базарларда өзүнүн өрт өчүрүүчү унаалары болушу шартталат.
“Аталган унаалар Кытайда грант түрүндө келет”,-деп кошумчалады ал.
Количество просмотров: 15