«Бишкекасфальтсервис» ишканасы өткөн жумада шаардын ички жолундагы отуз кудуктун темир капкагын кайра ордуна коюп чыкты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Мэрия кудуктун капкактары көп уурдалып жатканын белгилеп, шаардыктарга кайрылды.
«Урматтуу шаардыктар, кудуктун капкактарын уурдабагылачы. Бул абдан кооптуу», — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле мэрия капкактарды уурдап жаткандарды көргөн шаардыктарды токтоосуз 102 кызматына кабарлоону өтүндү.