• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Кулак, мурду кесилген келиндин абалы айтылды

21 Аяк оона 2023 14:41 Бишкек Govori.TV

Бишкектин четиндеги Селекция айылында бычакталган келиндин абалы орто оор деп бааланууда. Бул тууралуу бүгүн, 21-сентябрда Улуттук Госпиталдын башкы дарыгери Бакыт Төлөгөнов билдирди.

Анын айтымында, бейтаптын денесинде да башка жаракаттары бар.

«Бүгүн түшкө чейин жандандыруу бөлүмүндө болду. Абалы орто оор деп бааланууда. Келгенде акыбалы начар болчу. Керектүү медициналык жардам берилип жатат. Кечээ бир операция өттү, 12:30да башталып, кечки 20:30 чамасында аяктады. Бул биринчи этап десек болот. Алдыда дагы 2 операция бар»,-деди ал.

Эске салсак, кечээ Селекция айылындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде 36 жаштагы келин бычактан алган жаракаттар менен ооруканага жеткирилген. Шектүү катары 39 жаштагы мурдагы жолдошу «Денеге оор залал келтирүү» беренеси боюнча козголгон иштин алкагында камакка алынган. Келиндин кулак-мурду кесилгени маалымдалган.

Количество просмотров: 935