• Шаршемби 1 Теке 2026
  • Среда 1 Июль 2026

«Кум-Бел» көмүр кениндеги абал изилденет

8 Үчтүн айы 201916:59 Бишкек Govori.TV

Бишкек.08.01.2019.Govori.TV.

Кум-Бел» көмүр кениндеги абалды изилдөө боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссия түзүлдү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун «Кум-Бел» көмүр кениндеги жагдайга карата төмөнкүлөрдү билдиребиз.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин тапшырмасы менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнөн турган ведомстволор аралык жумушчу комиссия түзүлдү: Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана кен иштетүү мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясы, Өкмөттүн Ош жана Жалал-Абад облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кирген.

Учурда Өзгөн жана Сузак райондук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү тарабынан Экологиялык жана техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясы жана Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги менен биргеликте Жалал-Абад облусунун Сузак районунун «Кум-Бел» көмүр кенинде түзүлгөн кырдаалды изилдөө боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Суунун ылайык келүүсүн аныктоо үчүн тийиштүү үлгүлөр алынды. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишинин жыйынтыгы боюнча «Кум-Бел» көмүр кенинин мындан аркы иши/иштетүү боюнча тиешелүү сунуштар киргизилет.

Количество просмотров: 14