• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кумтөр боюнча депутаттык комиссия түзүлмөй болду

17 Бирдин айы 2021 11:11 Бишкек Govori.TV

Кумтөр боюнча депутаттык комиссия түзүү тууралуу сунуш айтылды. 17-февралда Жогорку Кеңештин отурумунда күн тартибине бул маселени «Республика – Ата Журт» фракциясынын депутаты Жыргалбек Турусбеков сунуштап, депутаттар колдоду.

Турусбеков өз сунушун «жаратылыш ресурстарын сарамжал пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, өндүрүш коопсуздугу менен элдин социалдык экономикалык абалын жакшыртууга байланыштуу Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча жабык акционердик коомунун ишмердүүлүгүн текшерүү комиссиясын түзүү зарыл болууда» деп негиздеди.

Фракциялар комиссиянын мүчөлүгүнө депутаттарды сунушташты. Алар — Акылбек Жапаров, Үмбөталы Кыдыралиев, Эрмамат Тагаев, Каныбек Иманалиев, Мирлан Бакиров. Азыркы тапта бул комиссиянын курамын депутаттар талкуулап жатышат.

Бирок айрым депутаттар Кумтөргө байланыштуу комиссиялар натыйжалуу иштебей келгенин эскертишип, анын ишмердүүлүгүнө байланыштуу сын-пикирлерди айтышууда.

https://www.youtube.com/watch?v=ZRbrcMWxrc0
Количество просмотров: 73