• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

«Кумтөр» иши. Эки айыпталуучу үй камагына чыккан

12 Чын куран 2023 17:54 Бишкек Govori.TV

Кылмыш иши боюнча “Кумтөр Голд Компани” ЖАКсында каржылык мыйзам бузуу фактысы боюнча кармалган эки айыпталуучу үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Башкы прокурор Курманкул Зулушев билдирди.

Ал белгилегендей, көзөмөл органы тарабынан 4 кылмыш иши козголгон, зыяндын суммасы 1 миллиард 146 миллион 449 миң 161 сомго жеткен.

«Бул зыяндын 830 млн 826 миң 165 сому толтурулган. Камактагы төрт кызматкердин экөө үй камагына бошотулду. Тергөөчүлөр Тенгиз Бөлтүрүктү кайрадан суракка алууда. Ал көрсөтмө берүүдөн баш тартып жатат. Келтирилген чыгымдын 80 пайыздан ашыгы өндүрүлгөн. Тергөө иштери дээрлик бүтүп калды. Иштин кечеңдешинин себеби келтирилген зыяндын ордун толтуруу болуп саналат. Жакында иш сотко өткөрүлөт», — деди Курманкул Зулушев.

Бүгүн, 12-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында өткөн жылдагы өлкөдөгү мыйзамдуулуктун абалы жана аны чыңдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу Башкы прокурордун отчету каралды. Жыйында Баш прокурор Курманкул Зулушев депутаттарга аткарылган иштер тууралуу маалымат берди.  Ал эми талкуу маалында депутаттар ар кыл тармактарда орун алган мыйзам бузууларды белгилеп, айрым коррупциялык жагдайларга көңүл бурушту.

Количество просмотров: 136