• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

СИЗО-1де камакта жаткан адам ооруканада каза болду

1 Чын куран 20259:31 Бишкек Govori.TV

ЖАМКтын маалыматы боюнча, өткөн жылдын 8-майында Биринчи май райондук соту 1978-жылы туулган З.М. аттуу жаранды «СИЗО-1ге» камакка киргизген.

Ушул жылы 27-мартта эркек киши ашказаны ооруп жатканына даттанып, мекеменин медиктерине кайрылган. Хирургия борборунда ага боордун циррозу, ал боор рагына өтүп кеткен жана порталдык гипертензия синдрому деген диагноз коюлган.

27-мартта З.М.га операция жасалган, бирок ал 28-мартта кечки саат сегиз жарым чамасында каза болгон.

Количество просмотров: 612