• Жума 10 Бугу 2024
  • Пятница 10 Май 2024

«Кумтөр» компаниясы «Учкундун» имаратына кайтып келди

13 Жалган куран 2023 14:12 Бишкек Govori.TV

«Кумтөр» компаниясы Бишкектин Киев көчөсүндө жайгашкан кымбат баалуу кеңсесинен чыгып, «Учкун» ААК имаратына кайтып келди.

Эске салсак, депутат Жеңишбек Токторбаев өткөн жылдын июнь айында “Улуу көчмөндөрдүн мурасы” улуттук холдинги Бишкектин борборундагы имаратты чоң акчага ижарага алып жатканын билдирген. Анын айтымында, ижара акысы айына 50 миң доллардан кем эмес.

Ал эми президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев холдингдин жетекчиси жана «Кумтөр Голд Компанинин» убактылуу тышкы менеджери Теңгиз Бөлтүрүк мурда «Учкун» ААК имаратында жайгашкан кеңседен көчүү чечимин министрлер кабинети жана Садыр Жапаров менен макулдашкан эмес деп билдирген.

Теңгиз Бөлтүрүк өзү Учкунда орун жетишсиз деп билдирген.

Эске салсак, учурда «Кумтөр Голд Компанинин» мурунку убактылуу тышкы менеджери Теңгиз Бөлтүрүк абакта жатат.

Количество просмотров: 209