• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Учкунда жылуулук берүү убактылуу токтотулду. Мэрия кайрылуу кылды

24 Тогуздун айы 202416:06 Бишкек Govori.TV

Учкун кичи районунда жылуулук берүү убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, туташууда бузулуулар аныкталгандыктан, Учкун кичи районуна жылуулук берүү убактылуу токтотулду.

Учурда жеринде бригада иштеп, бузулган жерди аныктоо иштери жүрүп жатат.

Төмөнкү даректер убактылуу өчүрүлгөн:

  • Учкун кичи району, № 11, 14, 15, 16, 18, 19, 20, 21, 22, 23, 24 үйлөр (А жана Б блоктору);
  • Уч-Тулга көчөсүндөгү 15 участо; Казан Булак, 10.

Жылуулук берүүнү 2024-жылдын 25-октябрында болжол менен саат 16:00гө чейин калыбына келтирүү пландаштырылууда.

Белгилей кетсек, жогорудагы үйлөргө ысык суу берилет.

«Бишкекжылуулуктармагы» ишканасы келтирилген убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана шаардыктар бул жагдайды түшүнүү менен кабыл алат деген үмүттөбүз.

Количество просмотров: 201