• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кумтөрдө дайынсыз болуп жаткан 2 кызматкер табыла элек

3 Бештин айы 2019 9:17 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусундагы Кумтөр кениндеги Лысый жээк өрөөнүндө үйүлгөн жараксыз катмар кескин түрдө жылып, дайынсыз болуп жаткан 2 кызматкер табыла элек. Бул тууралуу “Кумтөр” компаниясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, учурда издөө иштери уланууда, бирок азырынча эч кандай маалымат жок.

Учурда аларды издөө боюнча кендеги адистер менен биргеликте иш жүрүп жатат. ӨКМден 64 куткаруучу, ишканадан 28 куткаруучу иш алып барууда. Куткаруучулар түндө да издөө иштерин жүргүзүп жатышат.

Буга чейин 1-декабрда Жети-Өгүз районундагы Кумтөр алтын кенинин аймагында жер көчкү жүргөнү кабарланган. Ошол эле күнү таңкы саат 5:00 чамасында ишкананын 2 кызматкери дайынсыз жоголгон. Аларды издөө иштерине 40ка жакын куткаруучу, милиция жана ишкананын кызматкерлери, райондук мамлекеттик администрациянын өкүлдөрү тартылган. Ошондой эле окуя болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын кызматкерлери барышкан.

Жоголгон кызматкерлер: 1984-жылы туулган жумушчу (мастер) И.О. жана бульдозердун 1972-жылы туулган айдоочусу Ж.Ж. экендиги такталган. Алар түнкү нөөмөттө иштеп жатышкан. Бульдозердун айдоочусу Тоң районунун Темир-Канат айылынын тургуну. Үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы. Анын туугандары издөө иштери жүрүп жаткан жерге жөнөп кетишкен болчу.

Количество просмотров: 172